Талап кылынуучу курулуш
Mandrakelinuxту орнотууну баштоо үчүн көпчүлүк учурда Орнотуучу компакт-дискти CDROM уясына салып, машинеңизди кайра жүргүзүү гана жетиштүү болот. 1-ыкманы караңыз.
ЭСКЕРТҮҮ:
Төмөндө Mandrakelinuxту орнотуунун түрдүү ыкмалары келтирилген:
Орнотуучу CDROM жүктөтүүчү. Адатта компакт-дискти уясына салып эле машинени кайра жүктөө жетиштүү. Экранда пайда болгон көрсөтмөлөргө баш ийиңиз: орнотууну баштоо үчүн [Enter] баскычын басыңыз, же кошумча көрсөтмөлөрдү алуу үчүн [F1] баскычын басыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ:
Кээ бир тизе (портативдик)компүтерлеринде система компакт-дисктен жүктөлбөшү мүмкүн. Бул учурда жүктөөчү ийилчээк дискти даярдооңуз зарыл болот. Толук маалымат үчүн 2-ыкманы караңыз.
Эгер компүтериңиз компакт-дисктен жүктөлбөсө, анда төмөнкү ыкма менен Windowsто жүктөөчү ийилчээк дискти даярдашыңыз керек:
Орнотууну баштоо үчүн:
Кандайдыр бир себептерден улам жогорудагы ыкмалар Сизди канааттандырбаса (орнотууну желеден аткаргыңыз келсе, pcmcia түзүлүшү аркылуу же ...), бул учурда да жүктөө ийилчээк дискин жасашыңыз зарыл:
Бул жерде жүктөө элестеринин тизмеси берилген:
cdrom.img | компакт-дисктен орнотуу |
hd_grub.img | таш-дисктен орнотуу (Linux, Windows же ReiserFS
файл системасынан) Сиз буларды системаңыз үчүн күүлөй аласыз: http://qa.mandrakesoft.com/hd_grub.cgi |
network.img | ftp/nfs/httpден орнотуу ЭСКЕРТҮҮ: талап кылган учурда network_drivers.img-ти ийилчээк диск уясына салышыңыз керек |
pcmcia.img | pcmcia түзүлүштөрүнөн орнотуу (көңүл буруңуз, учурда көпчүлүк pcmcia желе ыктагычтары тикеден эле network.img аркылуу колдолот) |
boot.iso -ти компакт-дискке көчүрүп туруп, андан жүктөсөңүз да болот. Бул учурда орнотуунун бардык ыкмалары колдолот: компакт-дисктен, желеден жана таш-дисктен.
Адаттагыдай графикалык орнотуу бир себептерден улам көйгөй туудурса, анда текст түрүндөгү орнотууну колдонсоңуз болот. Ал үчүн Mandrakelinux саламдашуу терезеси ачылган учурда, [F1] баскычын басып, калыпка text деп кийириңиз.
Эгерде мурунку Mandrakelinux системаңызды сактап коюу зарыл болсо, Орнотуучу компакт- (же тиешелүү жүктөөчү ийилчээк) дискиңизди салып, Mandrakelinux саламдашуу терезеси ачылган учурда [F1]-ди басып, калыпка rescue деп кийириңиз.
Кошумча техникалык көрсөтмөлөрдү алуу үчүн муну караңыз: http://www.mandrakelinux.com/drakx/README
Зарыл эскертүү:
Берилген "root" катталуу аты Сизге Linux системаңызда өзгөчө чектөөсүз укуктарды берет. Аны Linux системаңызды күүлөө же жөнгө салуу үчүн гана пайдаланыңыз. Күнүмдүк иштерди аткаруу үчүн жөнөкөй катталуу атын пайдаланыңыз, андайды Сиз "userdrake" жарагы же "adduser" жана "passwd" буйруктарынын жардамы менен түзө аласыз.
Кошумча колдоо алуу үчүн төмөнкүлөргө кайрылыңыз: